16 жашар кызды зордуктап кеткен тургундун айылын милиция карап жатат

16 жашар кызды зордуктап кеткен тургундун айылын милиция карап жатат

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кызыл-Туу айылында абал туруктуу. Бул туурасында жергиликтүү милиция Reporter.kg′ге билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери көчөлөрдү кыдырып, тартипти сактоону улантууда.

Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында Аксакалдар соту 16 жаштагы өспүрүм кызды зордуктаган кылмышка шектүүнүн үй бүлөсүн айылдан көчүп кетүү үчүн 3 күн убакыт берген чечим кабыл алган. Балким, өспүрүм кызды зордуктап кеткен жарандын туугандарына кол салуу болуп кетпесин деген негизде милиция абалды көзөмөлдөп жатат.

5-декбарь күнү, 16 жаштагы кыз жол тоскондон унаасына салып алып, 31 жаштагы айылдын тургуну зордуктап салган. Учурда ал Сокулук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалууда.

Аксакалдар соту зордукчулдун үй бүлөсүн айылдан кууп чыгуу чечимин кабыл алды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>