Кыргызстандын аймагында дагы 21 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:
Бишкек ш. – 2;
Санкт-Петербург шаарынан келгендер – 10;
Чуй облусу — 3;
Нарын облусу – 6.
Ошентип ооруну жуктургандардын жалпы саны 1138ге жетти.