Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайы
Ысык-Көлдө 4 чакырымдык асма жолу бар “Ала-Тоо Резорт” заманбап курорт курулууда
07.07.2025 | 20:20
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жаңы туристтик комплекс — “Ала-Тоо Резорт” курортунун курулуш иштери башталды. Бул тууралуу Курулуш жана архитектура министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда курорт аймагында узундугу 4 чакырым болгон асма жол (канат жол) курулууда. Комплекстин 3D эскизи даярдалып, 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалардын долбоорлору иштелип чыккан.
“Министрликтин билдирүүсүнө караганда, курорт жылына 2 миллионго чейин турист кабыл ала алат”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар
Теги: Ала-Тоо Резорт