Бишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталууда
Президент Садыр Жапаров 8–9-июлда мамлекеттик сапар менен Тажикстанга барат
07.07.2025 | 20:00
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 8–9-июлунда Тажикстанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сапар Тажикстан Президенти Эмомали Рахмондун чакыруусу боюнча ишке ашууда.
Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Эмомали Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Тажикстандын парламент спикери жана премьер-министри менен жолугушуусу пландалууда.
Мындан тышкары, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу, кыргыз-тажик экономикалык жана инвестициялык форумун өткөрүү, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда “Түбөлүк достук” аттуу концерт уюштурулары күтүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар