18-май түнү Эл аралык университеттин чет элдик студенттер жашаган жатаканасын талкалаган жарандар кармалды. Бул туууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.
21 жаштагы А.Т. жана 25 жаштагы Ж. А. жатакана кирген топтун ичинде болушкан. Алардын милиция кызматкеринен эшикти ачууну талап кылып жаткан видеосу интернетке жарыяланган. Шектүүлөр убактылуу кармалуучу жайга киргизилди.
Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Бишкекте 17-18-майда болгон тополоңдун негизинде массалык башаламандык беренеси менен иш козгон, ага катышкандарды аныктоо жана кармоо иштерин жүргүзүүдө.
Окуяда 15 киши жабыркаган. Кыргыз өкмөтү чет элдик студенттердин чыгымдарын төлөп берет.
Студенттердин алтындарын, айфондорун тартып алышкан. Ректорлор кайрылуу жасады