Чүйдө сабалган 3 жашар кыздын өз атасы сотко кайрылды

Чүйдө сабалган 3 жашар кыздын өз атасы сотко кайрылды

Чүйдө сабалган 3 жашар кызды өз атасы камкордугуна алмакчы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева билдирди.

Анын айтымында, наристенин апасын ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко арыз берилди.

«Кыздын өгөй атасы кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат. Өз атасы азыр мурдагы аялын ата-энелик укуктан ажыратуу боюнча сотко кайрылды», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 29-апрелде Чүйдө катуу сабалган 3 жашар кыз (2021-жылы туулган) ооруканага түшкөн. Наристени сабоого шектелип 28 жаштагы М.Р. аттуу өгөй атасы кармалган. Ага «кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Маалыматка караганда, баланы сабап, жаан жаап жатканда, аны иттин уясына түнөтүп коюшкан.

Наристенин ата-энеси 2022-жылы ажырашып кетишкен. Алардын эки кызы бар, улуусу атасы жана чоң апасы менен жашайт.

Чүйдөгү 3 жашар кыздын сабалышы. Буга чейин өгөй атасы кыздын бутун сындырган

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>