Пакистандын вице-премьер-министри Бишкекте сабалган тигүүчүнү өз учагы менен алып кетти

Пакистандын вице-премьер-министри Бишкекте сабалган тигүүчүнү өз учагы менен алып кетти

Пакистандын вице-премьери жана тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар Бишкекке келип, 18-май түнү жабыркаган студенттерден кабар алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Мухаммад Исхак Дар Эдил Байсалов менен бирге Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга барган. 

«Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн түз жана туруктуу өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти. Эдил Байсалов Пакистандын улук даражалуу өкүлүн Кыргызстандагы чет элдик студенттерге жылуу-жумшак мамиле болооруна, жакында болгон окуяга күнөөлүүлөрдүн баары жоопко тартылаарына ишендирди», — дейт Минкаб. 

Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Мухаммад Исхак Дар ооруканада Кыргызстанда тигүүчү болуп иштеген Шахзаиб менен жолугушуп, аны өзүнүн учагы менен алып кетти.  

Андан тышкары, ал аэропортто медицина тармагында окуган студенттер менен баарлашып, алардын кооптонуларын уккан.

Пакистан Бишкектен студенттерге кол салгандарды жоопко тартууну талап кылды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>