Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Оштогу А.Сүйүнбаев атындагы стадион 25 млн сомго оңдолууда
24.07.2023 | 09:12
Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионду оңдоого бюджеттен 25 сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Аталган стадион 1970-жылы курулган. Учурда анын эскилиги жеткендиктен толугу менен оңдоодон өткөрүлүп жатат. Стадион 12 миң 500 адамды батыра алат.
«Спортчулардын кийим алмаштыруу жана душ бөлмөлөрү, административдик имараттын сырты, отургучтары, 1970-жылдан бери турган эшик-терезелер алмашып жатат. Мындан тышкары 30 орундуу жатакана дагы толук оңдолду», – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом