“2 млн сом таап кой”. Ошто жаш жигитти сабап, унаасын тартап алгандар кармалды
Ош облусунун Араван районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 22-апрелде Араванда денесинен жаракат алган 22 жаштагы тургун ооруканага түшүп, бул тууралуу милицияга кабар берилген.
Ооруканага ыкчам-тергөө тобу барып, териштирүү иштери башталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталгандай, 21-апрелде болжол менен саат 23:30да жаш жигит унаасы менен бара жатканда, ак түстөгү унаа аны сүзүп токтоткон. Унаанын ичинен беткапчан эки адам чыгып, жаш жигитти ур-токмокко алып, бычак менен коркутуп, колунун билегин кескилеп, унаасын тартып алган. Андан кийин “тез арада 2 млн сом таап кой” деген талап коюп, жаш жигитти окуя болгон жерге калтырып кетишкен.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 2 жаран кармалды. Бири – Араван районунун 32 жаштагы тургуну С.Т. Бишкекте изин жашырып жүргөн жеринен колго түшүрүлгөн. Экинчиси – 29 жаштагы Х.Ш. Өзгөн районунан кармалган. Ал Өзгөндө туулуп-өсүп, кийин башка өлкөнүн жарандыгын алган.
Учурда кармалгандардын башка кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу такталууда.
[image_carousel source=”media: 208873,208872,208871″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]