Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
21-23-июнда Бишкек менен Чүйдө жолдор убактылуу жабылат
20.06.2023 | 14:32
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга расмий сапары менен келүүсүнө байланыштуу 21-23-июнь күндөрү Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүнүн унаа кыймылына мал-маалы менен чектөөлөр киргизилип турат.
ЖКККББ маалымдагандай, төмөнкү көчөлөргө чектөөлөр кирет:
– “Манас” аэропортунан Бишкектин кире беришине чейинки жол жана андан ары Жибек Жолу проспектисине чейин
– Жибек Жолу проспектиси Фучик көчөсүнөн Жаш гвардия проспектисине чейин
– Чүй проспектиси Жаш гвардиядан Манас проспектисине чейин
– Манас проспектиси Чүй проспектисинен Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына жана “Ата-Бейит” комплексине чейин
– Токмок шаарына чейинки айланма жол (Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолу).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом