Баланын психикасын бузган контенттерге тыюу салуу сунушун тармактык комитет колдоду

Баланын психикасын бузган контенттерге тыюу салуу сунушун тармактык комитет колдоду

Жогорку Кеңештин депутаты, вице-спикер Жамиля Исаева балдардын ден соолугуна, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтире турган маалыматтарды таратууга чектөө киргизүүнү сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Баяндама жасаган Жамиля Исаеванын айтымында, мыйзам долбоору балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында интернет булактарында, массалык маалымат каражаттарында жарыяланып жаткан материалдарда жаш курактарын эске салган билдирүүлөрдүн милдеттүү болушун шарттайт.

Депутат кошумчалагандай, турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан, чыңдала элек психикасынын айынан, бала компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, өзгөчө “Интернет” тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылууда. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору маалымат-коммуникациялык тармактарында балдардын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Жыйынтыгында комитет аталган мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>