Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Соттун өкүмү чыкты

Карындашына асылган айдоочуну атып салган: Соттун өкүмү чыкты

Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини атып салган адам үч жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Чүй райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотто кошумча күбөлөр суралып, комиссиялык психологиялык экспертиза жүргүзүлгөн. Ошондой эле, Кылмыш-жаза кодексинин «адам өлтүрүү» беренеси «аффект абалында адам өлтүрүүгө» алмаштырылган. Натыйжада, айыпталуучу 3 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн түзөтүү колониясында өтөө өкүмү чыгарылды.

Эске салсак, окуя былтыр 1-июлда саат 8:30 чамасында Бишкек — Торугарт жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы травматикалык курал менен атып салган. Ал алган жараатынан каза болгон.

Белгилүү болгондой, тергөө иштери жүрүп жатканда шектүүнүн окуя учурунда аффект абалында болуп-болбогону боюнча экспертиза дайындалган. Чүй облустук милициясы билдиргендей, экспертизанын жыйынтыгы шектүү аффект абалында болбогонун көрсөткөн.

Иш тергелип бүткөндөн кийин Чүй райондук сотуна өткөрүлгөн.

Кийинчерээк айыпталуучунун аффект абалында болуп-болбогондугу боюнча эки ача жыйынтык чыккан белгилүү болгон.

Мындан мурда шектүүнүн жактоочусу Эркинбек Ирискулбеков Reporter.kg’ге билдиргендей, мыйзам боюнча шектүү 8 жылдан 12 жылга чейин камалышы мүмкүн. Бирок экспертиза тарабынан окуя учурунда ал аффект абалында болгону ырасталса, анын жазасы жеңилдетилмек.

«Аффект абалында болгондо кылмышты атайын жасаган болуп эсептелбейт. Анда жаза мөөнөтү 3 жылга чейин берилет», — деп билдирген ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>