Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында 21-февралда кар жаайт.
Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.
Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн -8…-13
күндүз 0…-5
Талас районунда:
түнкүсүн -12…-17
күндүз -2…-7
Баткен облусунда:
түнкүсүн -5…-10
күндүз -3…+2
Ош, Жалал-Абад облустарында:
түнкүсүн -4…-9
күндүз -3…+2
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн -4…-9
күндүз -3…+2
Нарын облусунда:
түнкүсүн -13…-18
күндүз -4…-9
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11°, күндүзү 0…-2° суук болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз