Бишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылдыКыйылган бир дарактын ордуна бешөө. ЖКда бак-дарактарды коргоонун жолун сунушташты
Бишкекте бир жумада 58 мас айдоочу аныкталды
20.02.2024 | 23:02
Бишкек шаарында 12-февралдан 18-февралга чейин жалпысынан 6729 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардан:
– мас абалында унаа айдагандыгы үчүн – 58;
– транспорт каражатын каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 160;
– айдоочулук күбөлүксүз айдоо үчүн – 93;
– жөө жүргүнчүлөр тарабынан жол эрежесин бузгандыгы үчүн – 516;
– жол белгилерине баш ийбегендиги үчүн – 4547;
– тонировка үчүн – 12;
– мотоциклдик каскаларды же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн – 397;
– башка укук бузуулар – 946.
Мындан тышкары 553 унаа убактылуу токтотуучу жайга коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар