Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 1108 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 21-июлда Өкмөт үйүндө өткөн брифингде Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Соңку суткада коронавирус жуктуруп алганда жашаган аймактар:катталган аймактар жана алардын саны: Бишкек — 323;
Ош – 124;
Чүй облусу – 122;
Ош облусу — 93;
Талас облусу — 70;
Нарын облусу – 54;
Ысык-Көл облусу – 154;
Жалал-Абад облусу – 107;
Баткен облусу — 61.
18-марттан 21-июлга чейин өлкөдө жалпы 28 миң 251 адам коронавирус жуктуруп алган.