Психология боюнча билими жокторго мындай кызматтарды жарнамалоого тыюу салынды. Президент мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров психология боюнча жогорку билими жок адамдарга психологиялык кызматтарды жарнамалоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Тиешелүү мыйзам “Эркин-Тоо” гезитине жарыяланды.
Документте «Жарнама жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.
Жаңы мыйзамда «психологиялык кызмат көрсөтүүлөр» түшүнүгүнө аныктама берилген. Ага ылайык, психологиялык кызмат көрсөтүүлөр – практикалык психолог тарабынан өзүнүн кесиптик компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу кызматтарды көрсөтүү боюнча кесиптик иш. Ошондой эле психологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Мындан тышкары жаңы мыйзамга ылайык, көрсөтүлгөн чөйрөдө иш жүргүзүү укугун бере турган адистик боюнча кесиптик жогорку билимин ырастоочу документтери жок адамдардын психологиялык кызматтарды жарнамалоосуна жол берилбейт.