Эртең, 25-январда Кыргызстандын кээ бир аймактарында Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кечинде Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +7…+12
Талас облусу
түнкүсүн 0…-5
күндүз +5…+10
Баткен облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +7…+12
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн -2…+3
күндүз +7…+12
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -4…-9
күндүз 0…+5
Нарын облусу
түнкүсүн -15…-20
күндүз 0…-5
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кечинде 14 метрге чейин жетет. Түнкүсүн абанын температурасы -1…+1, күндүз 9…+11 градус болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз