Жалал-Абадда эл аралык маңзат каналын уюштурган шектүү кармалды

Жалал-Абадда эл аралык маңзат каналын уюштурган шектүү кармалды

2024-жылдын 22-январында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сафед-Булан айылында эл аралык баңгизат каналынын ишмердүүлүгү боюнча мурда алынган ыкчам маалыматтын алкагында Кыргызстандын жараны Ё.А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Такталгандай, кармалган жарандын үйү чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашканын, ал баңги затын Кыргызстандын аймагы аркылуу Тажикстандан Өзбекстанга ташуу жана өткөрүү үчүн жүк ташуучу база катары колдонуп келгени аныкталды.

Кармалган жарандын үйүн тинтүүнүн натыйжасында желим баштыкка скотч менен оролгон, афган гашишинин өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 2 кг 166 граммды түзгөн эки баңги зат табылып алынган. Кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилди

Учурда аталган баңги каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>