Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулатТоктогул шаарында толук жаңыланган борбордук стадиондун расмий ачылышы өттүБир жумада 24 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталдыАйыл чарба министрлиги кунарсыз жерлерди өздөштүрүүнү каалагандарга колдоо көрсөтөтТашиев: Мага бир нече жолу кол салуу болдуЖер жайнаган долларлар. Укук коргоо кызматкерлери 400 миң доллар пара менен кармалды
27-июнь: Кыргызстанда дагы 309 адамдан коронавирус аныкталды
27.06.2020 | 10:10
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 309 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 27-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында —118 адам. Ош шаарында 94, Чүй облусунда 23, Ош облусунда 39, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 18, Талас жана Баткен облусунда үчтөн адам.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 50 бейтап айыгып, үйүнө чыкты, тилекке каршы 3 адам илдеттен каза болду.
27-июнга карата өлкөдө жалпы 4513 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2212 адам илдеттен айыккан. Орудан улам 46 адам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом