«Биздин башка Мекенибиз жок»: Жапаров кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады31-август: Кыргызстанда абанын температурасы +37 градуска жетип, айрым жерлерде жаан жаайтЖогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди
27-июнь: Кыргызстанда дагы 309 адамдан коронавирус аныкталды
27.06.2020 | 10:10
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 309 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 27-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында —118 адам. Ош шаарында 94, Чүй облусунда 23, Ош облусунда 39, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 18, Талас жана Баткен облусунда үчтөн адам.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 50 бейтап айыгып, үйүнө чыкты, тилекке каршы 3 адам илдеттен каза болду.
27-июнга карата өлкөдө жалпы 4513 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2212 адам илдеттен айыккан. Орудан улам 46 адам каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом