ӨКМ айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерттиКыргызстанда балдардын бир ата-энесинин макулдугу менен чет өлкөгө чыгуусуна уруксат берүү сунушталуудаМихаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешине катышуу үчүн Кыргызстанга келетКыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган алтын монета жүгүртүүгө чыктыБишкекте көчөдөн ток урган 9 жашар бала каза болдуБишкекте кытайлык сүрөтчүлөр катышкан «Айыл» эл аралык сүрөт көргөзмөсү ачылат
Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 адам каза болду
27.06.2020 | 10:20
Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруп алган дагы үч бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө коронавирус илештирип алып көз жумгандардын саны 46га жетти.
“Каза болгон жарандын бири Ош облустук ооруканасынан үзүлдү. Ал 51 жашта экени маалым болду. Экинчиси 76 жаштагы киши Жалал-Абад облусундагы ооруканада көз жумган, дагы бири Аксы райондук ооруканада дарыланып жаткан. Ал 74 жашта болчу”, — деди Каратаев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом