Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жаныбек Асанбеков мандатын тапшырдыАйдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча акция – КР бюджетине 350 миллион сом түшпөй калдыМинистрлер Кабинети аскердик жыйындардан өтүү үчүн жаңы төлөмдөрдү бекитти: Коргоо министрлиги түшүндүрмө берди1-апрелден тарта Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо үчүн жабылатБашка өлкөлөрдө жүк ташуу үчүн КР айдоочуларына эл аралык айдоочулук күбөлүк керекАлтымышев көчөсүндөгү курулуштар буздурулуп, Ала-Арча дарыясынын жээги бошотулду
2,8 миң жетим балага мамлекет банктан аманат ачат
13.08.2024 | 11:02
Жетим балага мамлекет банктан аманаттык эсеп ачат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы “Келечекке салым” балдар депозитиинин жобосу бекитилгенин кабарлады.
Ал “Айыл Банкта” ачылат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан жетим балдарга жана алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жеткиликтүү байланыш каражаттары (почта, электрондук почта) аркылуу “Келечекке салым” депозитинин банк эсебинин номери кабарланат.
Бала 18 жашка чыкканда, депозитте 500 000 (беш жүз миң) сомдон кем эмес өлчөмдө топтолгон каражаттар анын тандоосу боюнча билим алууга же ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртууга же турак жай сатып алууга чыгымдарга каралган.
Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө 2 853 жетим бала жашайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом