19 жаштагы А.Ж. жана 16 жаштагы К.А. Ноокен районунун Масы айылынын жээгинен 48 жаштагы Ж.М.ны өлтүрүп салышканы аныкталды. Бул туурасында Жалал-Абад милициясы кабарлады.
Маалыматка караганда, баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Бири өспүрүм болгондуктан жергиликтүү сот ата-энесинин колуна өткөрүп берген. Окуя 24-сентябрь күнү болгон.
Киши өлтүрүү беренеси менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.