Бишкекте аялдардын туризмдеги ролу боюнча эл аралык форум өтөтОш шаарында жаңы Юстиция үйү ачылдыТрамп UFC башчысы Дана Уайтка жана Хабиб Нурмагомедовго Ак үйдөн кызмат сунуштадыМосква районунда 200 гектар жерге индустриалдык-логистикалык парк курулатКыргызстан менен Түштүк Корея достук паркына 85 түп эмен көчөтү отургузулдуБишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Николай Мироненко дүйнө салды
Бакай Кашкарбаев топ аялдын курчоосунда калды (ВИДЕО)
01.10.2021 | 15:26
Жарандык активист Бакай Кашкарбаевдин мектепте жаңжал чыгарып жүргөн видеосу тарады. Ал видеого үңүлсөк, Кашкарбаев мектепте жүрөт. Мугалимдерби же ата-энелерби белгисиз аялдар аны курчоого алып “милиция чакырабыз” деп кыйкырып жатканын угууга болот. Ошол эле маалда өзүнөн бир топ жаш улуу эже активисттин колундагы кичи сумкасын талашып жатканы, аны бербей жатканы көрүнөт. Бир аздан кийин Кашкарбаевди кароолчусу ээрчитип кетет.
1:30 мүнөттүк видеодо ушул көрүнүш гана камтылган. Бул видеону Айгүл Базиева атту фейсбук колдонуучусу жүктөгөн.
Азырынча бул видео каяктан тартылганы жана чыр эмнеден улам чыкканы туурасында так маалымат жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом