Президент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартыштыСадыр Жапаров Чоң-Алайдагы медициналык объектилердин курулушу менен таанышты
6-июль: Кыргызстанда дагы 314 адамдан коронавирус аныкталды
06.07.2020 | 10:19
Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 314 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 6-июлда өткөн брифингде саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —161 адам. Ош шаарында 41, Чүй облусунда 25, Ош облусунда 26, Нарын облусунда 15, Ысык-Көл облусунда 21, Жалал-Абад облусунда 15, Баткен облусунда 10 адамга илдет жуккан.
Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 41 бейтап айыгып, үйүнө чыккан. Ал эми төрт адам каза болгон.
18-марттан 6-июлга чейин өлкөдө жалпы 7691 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2843 адам илдеттен айыккан. Жалпы бул 92 оорудан каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом