«50 анализди акысыз тапшырма болот». Депутат министрди сындады

«50 анализди акысыз тапшырма болот». Депутат министрди сындады

Мамлекеттик ооруканаларда лабораториялык анализдерди акысыз тапшырууга болоруна карабай, дарыгерлер жарандарды жеке клиникаларга жөнөтүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 27-июндагы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева билдирди.

Сурабалдиева белгилегендей, дарыгерлер жарандарды жеке клиникага жөнөтүү «жогору жактагылардын» тапшырмасы экенин айткан.

“Эмнеге лабораториялык анализдерди акысыз мамлекеттик ооруканаларда жасатпай, жеке клиникага жөнөтүп жатасыздар? Мага шаардыктардан арыз келип жатат. Дарыгерлер “жогору жактагылар мажбурлап жатат” деп айтып жатышат”, — деди ал.

Алымкадыр Бейшеналиев акчанын аздыгынан мамлекеттик бейтапканаларда бардык эле анализдерди жасай албай турганын билдирди.

Сурабалдиева министр калп айтып жатканын айтты.

“Кепилденген мамлекеттик программага ылайык, негизги 50 анализ акысыз жасалат. Эмнеге алдап жатасыз? Мамлекеттин баарына жалган айтып жатасыз. Пенсия алган карапайым адамдар аны (акысыз анализдер тууралуу – ред. ) билбейт. Сиздердин дарыгерлер  аларды жеке клиникага “50%дык жеңилдик болот” деп алдап жөнөтүп жатат. Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк түзүп алыпсыздар. Бул деген коррупция! Убагы келгенде тиешелүү адамдар жооп берет. Бул тууралуу президент, УКМК, прокуратура билет бекен? Кедей жашаган, аз акча алган пенсионерлерди жеке клиникага жөнөтүп жатыптыр. Алар мыйзамды билбейт да! Алар мамлекеттик программа боюнча 50 анализди акысыз жасата алышат. Эмнеге алдап жатасыз?”, — деди ал.

Бейшеналиев алардын мындай фактылар тууралуу кабары жок экенин айтып, аны текшерерин айтты.

“Мындай фактылар болсо, текшерип көрөйүн. Андай фактылар бизге түшкөн эмес. Сизде болсо, бизге берсеңиз, текшерип көрөлү”, — деди ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>