Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
“Аңчы кыз” даректүү тасмасы дүйнөдөгү абройлуу кинофестивалга катышууда
27.06.2024 | 16:45
Кыргызстандык “Аңчы кыз” толук метраждуу даректүү тасмасы дүйнөдөгү абройлуу кинофестивалга катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Тасма Чехиядагы Karlovy Vary (Карловы Вары) кинофестивалынын Work in progress расмий программасына өткөн.
Даректүү тасманы жаш режиссер Сүйүм Сулайманова тарткан. Оператору – Жуманазар Койчубеков.
“Аңчы кыз” даректүү тасмасы Нуражар аттуу кыздын жана анын атасы Нурландын окуясын баяндайт.
13 жашар Нуражар атасынан карыш жылбай, салбуурун аңчылык өнөрүнүн сырларын үйрөнүп, атанын жолун кыз бала да улай аларынын далили болот.