Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
6 айда прокуратура органдарына 24 миң 290 арыз түштү
20.08.2024 | 19:00
2024-жылдын 6 айында прокуратура органдарына 24 миң 290 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемеси билдирди.
2023-жылы жалпы 42 миң 864 арыз болгон.
Башкы прокуратура ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына кайрылуу укуктуу экенин белгилейт. Ал үчүн почта кызматы, электрондук почта аркылуу кат жөнөтүп, мыйзамды көзөмөлдөө органдарына жеке кабыл алууда дагы боло алышат.
“Бирок жарандын аты-жөнү жана жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги көрсөтүлбөгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралууга жатпайт”, – дейт Башкы прокуратура.
Прокуратуранын расмий сайтында онлайн-кабылдама ишке киргизилген. Жарандар онлайн-кабылдама аркылуу да кайрыла алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом