Швейцариянын лыжа курортундагы өрттөн ондогон адам каза болдуТелевидение кыргызстандыктардын эс алуусунун негизги түрү бойдон калуудаАйыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оор
77 жаштагы Оштун тургуну V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барат
01.08.2024 | 13:27
77 жаштагы Оштун тургуну Мамыт Таштанов Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бүгүн шаардын аткаминерлери аксакалды узатышып, акчалай жардам беришти.
Мамыт Таштанов жалпы 2016 чакырым жолду түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун бекемдөө максатында басып өтөт.
Ал буга чейин, 2022-жылдын 5-августунда Түркиянын Изник шаарында өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барган.
Белгилей кетсек, быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрда Казакстанстандын Астана шаарында өткөрүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом