Бишкекте Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан эң ири мектептин курулушунун жүрүшүнө баа берилдиТокмоктогу мыйзамсыз зоопарк: арстан, аюу жана башка жаныбарлар алындыБаткен шаарында «Айгүл гүлү» эл аралык фестивалы өтөтДепутат Нацстатком кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү сунуштадыПарламентте жарандардын кайрылууларын иштеп чыгуу үчүн Жасалма интеллект колдонулатКореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдар
8 ай бою дайынсыз болуп жаткан жаран табылды
07.04.2025 | 12:35
Кызыл-Кыя шаарында 8 айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран Ысык-Көл облусунан табылды. Бул тууралуу Баткен облусунун милициясы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган облустук милицияга Араван районунун Төө-Моюн айылынын тургуну кайрылып, анын 35 жаштагы уулу өткөн жылдын 16-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын Асаналиева көчөсүндө жайгашкан автобекеттен Бишкек шаарына такси менен кетип, 11-сентябрь күнү апасына байланышка чыгып, ошол күндөн тартып дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирген.
Издөө иштеринин натыйжасында, аталган жарандын жүргөн жери аныкталып, ал ушул жылдын апрелинде Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан табылган.
Жарандын бул убакыт аралыгында эмне менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат берилген жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом