8-июнь: Коронавирус 25 адамдан табылды, 20 адам айыгып чыкты

8-июнь: Коронавирус 25 адамдан табылды, 20 адам айыгып чыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус 25 адамдан жаңы катталды. Бул тууралуу 8-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Өкмөт үйүндө өткөн онлайн-бирифингде билдирди.

Коронавирус аныкталган аймактактар:
Бишкек ш. – 18;
Чүй облусу – 7.

Жалпысынан 8- июнга карата Кыргызстанда коронавирус 2032 адамга жуккан.

Кыргызстан боюнча бир сутка ичинде 20 бейтап айыгып чыгып, жалпы айыккандардын саны 1445 адамга жетти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>