9-майга карата согуштун ардагерлери канча сомдон алары айтылды
9-майга карата Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары 20,4 миң сомдон алышат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Жалпысынан 637 адамга 9 миллион 934 миң сом бир жолку акчалай жөлөкпул берилет.
Аны төмөнкүлөр алышат:
– улуу Ата Мекендик согуштун майыптары – 5 адам – 20 600 сом өлчөмүндө;
– улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары – 23 адам – 20 400 сом өлчөмүндө;
– концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары – 8 адам – 20 400 сом өлчөмүндө;
– “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдар – 11 адам – 20 400 сом өлчөмүндө;
– улуу Ата Мекендик согуштагы фронтто курман болгон жоокерлердин ата-энелерине жана экинчи никеге турбаган жесирлери (жесилдери) – 1 адам – 15 200 сом өлчөмүндө;
– улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы каарман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдарга – 589 адам – 15 100 сом өлчөмүндө.
Кыргызстан 9-майда аскердик жүрүш, “Өчпөс полк” дагы өткөрөт
Биздин Телеграм каналга катталыңыз