Чүй облусунун Сокулук райондук соту Марат Кны 8 жылга эркинен ажыратты. Маалыматты Reporter.kg’ге Жогорку Соттон ырасташты.
Ал жазасын жалпы тартиптеги колонияда өткөрөт.
Окуя 12-апрелде болгон. Шектүү секелек кызды алдап, үйүнө чакырган. Ага Кылмыш-жаза кодексининин 158-беренеси менен (ыплас аракеттер) айып тагылып, шектүү камакка алынган.
Кыздын үй-бүлөсүнө соттолгон жарандын туугандары коркутуп, кысым көрсөткөндүктөн, алар жашаган жерин алмаштырган.
«Ал мойнуна алып, сотто кайра айрым көрсөтмөлөрүнөн баш тартып баштады. Кызымды гаражка алып кирип кеткенин видео байкоо дагы далилдеди», — дейт жабырлануучунун апасы.
40 жаштагы жаран 9 жашар кызга ыплас аракеттерди жасоого айыпталууда