Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Депутат Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүүнү сунуштады
21.06.2024 | 16:38
Жогорку Кеңеште Бишкектеги төрт райондун аталышын өзгөртүү маселеси көтөрүлдү.
Депутат Айбек Алтынбеков райондордун аталышын өзгөртүүнү сунуштап, бул маселени мэрия менен Бишкек шаардык кеңешине карап чыгууну табыштады. Аны менен бирге Бишкекке кошулуп жаткан айылдардын аттарын өзгөртүү сунушун айтты.
Парламенттеги жыйынга катышып жаткан мэр Айбек Жунушалиев бул маселени кароого даяр экенин билдирди.
Бишкектеги төрт район Свердлов, Ленин, Биринчи май жана Октябрь деп аталып келет. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев да алардын аталышын өзгөртүү керектигин айткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом