Бишкектеги Айтматов проспектисинде үч жаңы жер астындагы өтмөк курулатБишкек абанын булганышы боюнча 20-орунду ээледиКыргызстан деңизге чыгууга жол ачты. Кыргызстан менен Пакистан дагы кандай документтерге кол койдуСаясат, экономика, энергетика: Жапаров менен Пакистандын премьер-министри кыргыз-пакистан кызматташтыгын талкуулашты“Росатом” 2026-жылы Кыргызстанда шамал электр станциясын курууну баштаганы жататКазакстанда 16 жашка чейинкилерге соцтармактарга катталууга тыюу салуу сунушталды. Бул мессенжерлерге тиешелүү эмес
Lexus 570 уунасын алдап алган киши кармалды
30.09.2021 | 14:10
А.А.нын ишеничине кирип, 47 жаштагы Б.Н. Lexus 570 үлгүсүндөгү унаасын алдап алган. Бишкек шаарынын Каракул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы унаа токтотуучу жайдан “акчасын бөлүп төлөйм” деп унаасын алып, ошол бойдон из жашырган. Бул туурасында Бишкек милициясы кабарлады.
Маалыматка караганда, унаа 55 миң АКШ долларына бааланган. Кылмышка шектүү унааны сатып, бирок, акчасын ээсине бербей дайынсыз жоголгон.
Милицияга кабар 24-сентябрда жеткен. Учурда кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом