Бишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдөБишкектеги имараттарды бирдиктүү дизайн-кодго келтирүү үчүн документтердин жана талаптардын тизмесин сунушталды
Саясатчы Максат Касеновду күч органдары кармап кетти
01.10.2021 | 16:20
Улуу Кыргызстан партиясынын өкүлү Максат Касеновду күч органдары алып кетишти. Бул туурасында “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.
Ошол эле маалда анын жакындарымын деген жаран видео кайрылуу жасап, Касеновду күч органдары автоматтары менен келип алып кеткендигин шардана кылды.
Анын айтымына караганда, ал намаз окуган ыймандуу болчу. Эч кандай жаман нерселерге барган эмес.
Ал эми Сооронкулова чындыкты айткандарды кармап кете берсе эмне болот деп суроо салган.
Ал буга чейин Кумтөр маселеси боюнча сын айтып жүргөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат