Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Эл аралык издөөдө жүргөн Кытай жараны Бишкекте кармалды
01.10.2021 | 16:26
Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы издөө салган жаран Бишкектен кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иштин материалдары Казакстанга өткөрүп берүүнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 392 -беренеси (Казакстандын мамлекеттик чек арасын атайылап мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча шектелген чет элдик жаранга издөө салган
Райондук милицияга издөөдө жүргөн чет элдик жаран Бишкекте жашырынып жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Анын негизинде 42 жаштагы Кытай жараны 24-сентябрда кармалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом