Тараздагы борбордук аянтка Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди

02.10.2019 | 15:56

Тараз шаарындагы борбордук аянтка Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

«Тараз шаарынын Достук аянты Нурсултан Назарбаев атындагы аянт болуп өзгөртүлсүн», — деп жазылган Жамбыл облустук акимчилигинин токтомунда.

Быйыл март айында президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган Назарбаевдин урматына өлкөнүн баш калаасы Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Казакстанда Назарбаевдин ысымы борбордогу аэропортко жана бир катар шаарлардын көчөлөрүнө берилген. Нур-Султан шаарында Назарбаев Университети бар. Мындан тышкары бир нече шаарда анын эстеликтери тургузулуп, ага арналган музейлер ачылган.

Нурсултан Назарбаев бийликке 1991-жылы келип, өлкөнү дээрлик 30 жыл башкарды.

Scroll to Top