Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
ИИМ: “Азаттыктын” айланасындагы иштер акыйкат иликтенет
02.10.2019 | 16:36
“Азаттыктын” кызматкерлерине байланыштуу катталган иш кылдат иликтенет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.
“Иш толугу менен көзөмөлдө тургандыгын белгилейбиз. Учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу айрым жагдайларды ачыктай албайбыз”, – деп жазылат маалыматта.
28-сентябрда “Азаттыктын” оператору Айбек Кулчуманов Ош шаарында илктөөгө карата видео тартып жүргөн учурунда анын колундагы техникасын, документтерин белгисиз 4 адам тартып алган.
Кийин алар Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аадмдары экени аныталган.
Бул факты боюнча Ош шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле милицияга экинчи тараптан да арыз түшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар