Тарых музейинде Баткен облусунун социалдык турмушуна арналган көргөзмө ачылдыКыргызстанда жеке ишкердикти кантип жабуу керек? Салык кызматы жол-жобосун түшүндүрдүБишкек абанын булганышы боюнча 7-орунду ээледиКундус Кырбашева климат кантип Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн 4%ын тартып алышы мүмкүн экенин айттыЧыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасманын тизери жарыяландыӨкмөт башчы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолундагы туннелдин курулушу менен таанышты
Бишкекте унаасына жасалма номер тагып алган айдоочу кармалды
04.10.2021 | 16:40
Бишкекте унаасына жасалма номер тагып алып, айдап жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-октябрда “102” кызматына Жукеева-Пудовкин менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жасалма номер тагылган Toyota RAV4 унаасы тууралуу маалымат түшкөн.

“Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде аталган унаанын 32 жаштагы К.С аттуу айдоочусу мас абалында болгон. Анын унаасынын номерин жасалмага алмаштырып алганы аныкталган”, -деп айтылат маалыматта.
Аталган унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Октябрь райондук тергөө кызматына жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом