Түнү көчөлөрдөгү рекламалык жарыктар өчүрүлбөй калды

Түнү көчөлөрдөгү рекламалык жарыктар өчүрүлбөй калды

Көчөлөрдөгү рекламалык лампочкалардын түнү жандырылышына чектөө коюлбайт. Мындай чечимди «Улуттук энергетикалык холдинг» кабыл алганын мекеменин маалымат кызматынан кабарлашат.

Август айында Токтогул суу сактагычында суунун топтолушунун учурдагы абалы, ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы тууралуу калкка жана үй чарбалык эмес абоненттерге түшүндүрүү иштери башталган.

«Электр энергиясын ташыган компаниялар тарабынан уруксат берилген кубаттуулуктун көлөмүн сактоо үчүн керектөөчүлөр текшерилип, дебитордук карызы барлардын жарыгы өчүрүлөт. Бирок бүгүнкү күнгө чейин көрүлгөн чаралар жетишсиз болууда. Белгиленген сметадан ашык керектөө өсүп жатат. Буга байланыштуу «Улуттук энергетикалык холдинг» күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгын болтурбоо үчүн жылуулуктун альтернативдүү булактарын (газ, көмүр) колдонууга чакырат.

Учурда республиканын бардык аймагында үнөмдүү керектөөнүн зарылдыгы тууралуу үй чарбалык эмес абоненттер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 26-сентябрдан баштап орточо суткалык үнөмдөө күнүнө 400-500 миң кВт саатты түздү.

«Электр энергиясын керектөөнүн белгиленген чектерин сактабоо энергетикалык жабдуулардын ишине да, кыш мезгилинде бардык керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн«, — дешти мекемеден.

Буга чейин электрди үнөмдөө үчүн  көчөлөрдөгү рекламалык лампочкаларды түнү өчүрүп турууга ишкерлерди чакырган болчу.

Көчөдөгү рекламалык лампочкалардын күйүүсүнө тыюу салынат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>