Чүйдө жаранды 17 миң долларга алдоого шектелип эркек киши кармалдыБишкектин Арча-Бешик конушундагы №79 мектептин жаңы имаратынын курулушу аяктады2025-жылы билим берүү жана илим тармагына 78,3 млрд сом багытталганҮйлөрдүн ортосундагы бир метр жана жооптордогу туңгуюк: Оштун чиновниктери жаранды кантип ары-бери түртүп жатышатДастан Бекешев: Саламаттык сактоого акча бар, бирок дары-дармек жетишсизБишкек–Балыкчы жүргүнчү поезди 26–27-сентябрда кошумча каттамга чыгат
Бишкекте унаасына жасалма номер тагып алган айдоочу кармалды
04.10.2021 | 16:40
Бишкекте унаасына жасалма номер тагып алып, айдап жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 3-октябрда “102” кызматына Жукеева-Пудовкин менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жасалма номер тагылган Toyota RAV4 унаасы тууралуу маалымат түшкөн.

“Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде аталган унаанын 32 жаштагы К.С аттуу айдоочусу мас абалында болгон. Анын унаасынын номерин жасалмага алмаштырып алганы аныкталган”, -деп айтылат маалыматта.
Аталган унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу андан ары чара көрүү үчүн Октябрь райондук тергөө кызматына жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом