Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Арменияга да элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Гүлнара-Клара Самат 22-февралда Кыргызстандын Орусиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.
Ал ишин айкалыштыруу боюнча Москва шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Армениядагы элчиси болуп дайындалды.