Мектеп окуучуларынын ата-энелеринен жылына 2,5 млрд сомго жакын акча чогултулат — депутатСалык кызматы: товарлардын калдыктарын байкоо жүргүзүү системасына киргизүү 1-октябрда аяктайтТаш-Рабатка алып бара турган унаа жолго асфальт төшөлүүдөБишкек — Ош каттамындагы орун тандоо үчүн кошумча акы алынганына депутат нааразы болдуКыргызстанда буллинг жана кибербуллинг үчүн айып пул салуу жана эркинен ажыратуу сунушталууда — чоо-жайыБишкектин «Көлмө» конушунда сейил бак ачылды
Жалал-Абадда “Бизнес кербенге” ишкерлер чогулат
04.10.2021 | 12:48
Жалал-Абад шаарында 6-октябрь күнү ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин көмөгү менен ишкердикти колдоо борбору уюштурган “Бизнес кербен” иш-чарасы өтөт.
Платформа Ош, Баткен, Ысык-Көл, Талас жана Жалал-Абад облустарынын ишкерлеринин туруктуу өнөктөштүгүн камсыз кылуу максатында өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда диалог түзүү үчүн уюштурулууда.
Кошумчалай кетсек, иш-чарага “Кепилдик фонду” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров катышат. Ал ишкерлерге фонддун ишмердүүлүгү, ошондой эле бизнес кепилдиктердин жардамы менен насыяны кантип алса болорун айтып берет.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика