Кыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөтУнаасын оңдоп берем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалдыТаласта 10 млн сомдук тыюу салынган товарлар ташылып келингени аныкталдыЖуучу каражаттар жана азык-түлүктөр: «Ак-Жол» өткөрмө пунктунда аткезчиликке бөгөт коюлду
Осло-2021: Акматалиев менен Тыныбекова финалда күрөшөт
05.10.2021 | 09:34
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова америкалык Кайла Коллина Кийок Чудо менен күрөшөт. Ал эми 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев болсо польшалык Магоммедмурад Гаджиев менен килем үстүндө жолугат.
Бүгүн, 5-октябрда Норвегиянын борбору Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунун үчүнчү күндүк беттештери өтөт. Бул беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмактагы Айпери Медет кызы алгачкы беттешин өткөрөт. Анын алгачкы атаандашы болгариялык Мария Оряшкова болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт