Таласта 10 млн сомдук тыюу салынган товарлар ташылып келингени аныкталды

Таласта кыргыз-казак чек арасындагы «Чоң-Капка» өткөрүү пунктунда тыюу салынган жана эсепке алынбаган товарларды алып кирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында сатууга арналган товарлардын баасы 10 миллион сомдон ашат. УКМК тараткан сүрөттөрдө товарлардын арасында Кыргызстанда тыюу салынган электрондук тамекилер бар экенин көрүүгө болот. Эске салсак, 2025-жылдын июль айынан бери өлкөдө электрондук тамекини колдонууга, сатууга жана импорттоого тыюу салынган.
УКМК учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Анын жыйынтыгы менен товарларды мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жана төлөмдөрдөн качуу фактылары боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.
Атайын кызмат мыйзамсыз алып кирүү, жашыруу жана тыюу салынган товарларды сатууга байланышкан бардык аракеттер токтотуларын, ал эми күнөөлүү адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартыларын эскертти.