Орусиянын сасык тумоого каршы Гриппол плюс вакцинасынын 14 миң 685 дозасы алып келинди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору алгач төмөнкү топтогу жарандарга эмдөө жүргүзөт:
— балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына;
— тез-тез ооруп жүргөн балдарга;
— карылар жана майыптар үйлөрүндөгү жарандарга;
— «Тез жардам» бөлүмдөрүндө, төрөт үйлөрүндө, жандандыруу бөлүмдөрүндө, Баштапкы медициналык-санитардык жардам кызматында иштегендерге;
— үй-бүлөлүк дарыгерлерге;
— 65 жаштан ашкан адамдарга.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына ылайык, коронавирус инфекциясына жана сасык тумоого каршы эмдөөлөрдүн аралыгы кеминде 14 күн болушу керек.