УКМК кылмыш иштерин комиссиялар аркылуу кайра кароо мүмкүн эмес экенин түшүндүрдүЖКнын мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырарын билдирдиОшко мэр болгон Акаевдин ордуна Таалайбек Сарыбашев Жогорку Кеңешке депутат болдуКыргызстан менен Монголия соттолгондорду өткөрүп берүү боюнча макулдаштыБишкекте дарыгер-нефролог кармалды. Министрлик ишти тең салмактуу териштирүүнү талап кылдыАтатүрк сейил багында мыйзамсыз курулуп жаткан объект буздурулду
Айгерим Расул кызы «Маданияттын мыкты кызматкери» болду
11.10.2021 | 11:17
Кечээ, 10-октябрда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда ырчы Айгерим Расул кызы туулган күнү 30 жашы менен биргеликте “Келем сага” аттуу шоу концертин өткөрдү.
Концертти ырчынын сахналаш достору коштоду. Алар Аваз Акимов, Нурлан Насип, Айдана Дека, Сайкал Садыбакасова жана башкалар.
Кеченин басымдуу бөлүгү бий менен коштолду. Ошондой эле Айгерим Расул кызына Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан маданияттын мыкты кызматкери төш белгиси ыйгарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы