Соттук-эксперттик кызмат жана УКМК жаңы криминалистикалык жабдууларды алыштыНоокатта УКМК кызматкерлерине кызматтык батирлердин курулатИри түркиялык ишканалар «Ала-Тоо Резорт» курортунун курулушуна кызыкдарЖапаров Борбор Азияны терроризмге каршы биригүүгө чакырдыКыргызстандын курулуш министрлигинин кара тизмесине 44 компания киргизилдиБолотбек Борбиев АКШнын Чикаго шаарындагы башкы консул кызматынан бошотулду
Сөөктү жиликтеп салган. Түркияда кыргызстандык аял өлдү
13.10.2021 | 11:30
Түркиянын Текирдак шаарында 65 жаштагы Фахеми А. аттуу жаран кармалды, ал келини Аят.А.ны өлтүргөн деп шектелүүдө.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында жазылгандай, Аят А. кыргызстандык, ал Фахеминин уулуна турмушка чыгып, эки балалуу болгон. Каргашалуу окуя болгон күнү Фахеми келини менен урушуп кеткен. Жаңжал мушташка айланып, анын жүрүшүндө эркек киши аялды өлтүргөн. Ошондон кийин Фахеми кылмыштын изин жашырууга аракет кылып, сөөктү бөлүктөргө бөлүп, калдыктарды баштыктарга салып койгон. Ал бир баштыкты үйдүн таштанды челегине, калгандарын машинанын багажына салган.
Бул убакта кыйкырыкты уккан кошуналары полиция чакырган. Келиндин кайын атасы кылмышты мойнуна алып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар