Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Депутат: Купешов ваучер системасын билбесе, саясатты кантип жүргүзөт?
13.10.2021 | 11:32
Министрлер кабинетинин курамы Жогорку Кеңеште каралып жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Болот Купешовго “Президент ант берүү аземинде билим берүүгө ваучердик системаны киргизебиз деди эле, сиз ваучер дегенди түшүнөсүзбү?”-деп суроо салды.
Ал эми Купешов “ваучерди мен азыр сизден угуп жатам” – деп жооп берди.
Нурбаев: Президенттин айтканын уккан жоксузбу?
Купешов: Азыр мен айта албайм.
Депутат Акылбек Жапаровго кайрылып, “ушундай команда менен каякка барасыз?”- деп сурады. Жапаров “ваучер эмне экенин билем, түшүнбөсө түшүндүрөбүз. Түшүнбөсө түшүнө турганын алып келебиз”-деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат